super.kg logo

Словения Палестинаны мамлекет катары тааныды

 

Словения өкмөтү Палестина мамлекетин тааныды. Эми бул чечимди парламент бекитиши керек. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалымдалгандай, Словения өкмөтү бир нече күн мурун расмий түрдө кабыл алган Ирландия, Испания жана Норвегияга кошулуп, Палестина мамлекетин таануу чечимин кабыл алды.

Өкмөт үйүнүн жанында Палестинанын желеги көтөрүлдү.

Словениянын Министрлер кабинетинин башчысы Роберт Голоб парламентти өкмөттү колдоого чакырды. Голобдун башкаруучу либералдык коалициясы көпчүлүккө ээ жана добуш берүү жөн эле формалдуулук болушу ыктымал.

Любляна май айынын башында Палестинаны таануу процессин баштаган; анда өлкөнүн бийликтери Газа секторундагы "жагдай жакшырганга чейин" чечим кабыл алууну токтото тургандыктарын билдиришкен. Алар Израилдин жакында Рафахка жасаган соккуларынан кийин процедураны тездетүүнү чечишти.

Учурда БУУга мүчө 140тан ашык (193 өлкөнүн ичинен) мамлекет Палестинаны тааныган.

Израилде "таануунун жаңы толкуну" кескин түрдө айыпталып, мындай аракеттерди "терроризмге үндөө" деп аташат. Палестинаны таануу чечимин кабыл алган бир нече өлкөдөн Израиль мамлекетинин элчилери чакыртылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: