super.kg logo

Бишкекте сейилдөө аянтчасы көрктөндүрүлүп, ачылыш аземине Улан Ниязбеков катышты

 

Бүгүн, 1-июнда Бишкектеги Феликс Дзержинский атындагы сейилдөө аянтчасын көрктөндүрүү иштери аяктап, ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, ардагерлер, коноктор жана милиция кызматкерлери балдары менен катышты.

Ички иштер министрлигинин демилгеси менен мекеменин бет маңдайындагы кароосуз калган сейилдөө аянтчаны көрктөндүрүү иштери колго алынып, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү. Шаарга, анын ичинде Ички иштер министрлигинин айланасына көрк берип, көңүлдү кубандыра турган сейил бак болду. Эми ушул тегеректе жашаган тургундар, милиция кызматкерлери бош убактысында бул жакта эс алып туруусуна шарт түзүлдү. Айланасы гүлдөргө оролуп, кооздолгон отургучтар жана видеокамералар орнотулду”, - деди Улан Ниязбеков.

Ал ошондой эле милиция кызматкерлеринин балдарын Балдарды коргоонун эл аралык күнү менен куттуктап, келечекте мекенин урматтап, элине кызмат кылган чыгаан уул-кыздардан болушун каалады.

Ага ылайык, майрамга карата балдарга балмуздак, таттуулар таратылды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: