super.kg logo

Жазаларды аткаруу кызматы балдарды майрамы менен куттуктады

 
Жазаларды аткаруу кызматы 1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бир катар майрамдык иш-чараларды уюштурду. Маалыматты аталган мекемеден билдиришти.
Алар балдар үйлөрүндө, мектеп-интернаттарда тарбияланып жаткан жеткинчектерге оюнчук, кийим-кече, окуу курал жана башка белектер тапшырылып майрамдык маанай тартуулашкан.
Буга удаа Жогорку Кеңештин депутаттары Кубанычбек уулу Илимбек жана Эльдар Сулайманов парламент төрагасынын фондунан соттолгон өспүрүмдөрдү тарбиялоо процессиндеги инновациялык долбоорлорго багытталган программага бөлүнгөн 200 миң сомдун сертификаттарын тапшырышты.
Андан тышкары Панфилов акимиаты балдардын активдүү спорттук жашоосун колдоо үчүн атайын белектерди тапшырды. ЖАТтын офицерлери балдар үйүнүн тарбиялануучуларына түрдүү белектерди: кир жуугуч машина, кийим-кече, оюнчук, кеңсе буюмдары, самын жана азык-түлүк топтомдорун беришти.
Мындан тышкары ЖАКтын №2 мекемесинде соттолгон аялдардын балдары менен жолугушуусу уюштурулган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: