super.kg logo

Имамидин Ташовдун камактагы мөөнөтү узартылды

 

"KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташов 22-июнга чейин камакта калтырылды. Мындай чечим тууралуу Биринчи Май райондук сотунан маалымдашты.

Ага ылайык, УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөөчүсүнүн Ташовдун баш коргоо чарасын узартуу боюнча берген өтүнүчү канааттандырылган.

"Ташовду камакта кармоо мөөнөтү 22-июнга чейин узартылды" деп билдирди соттон.

Эске салсак, Ташовдун 23-апрелде Чүй облусунун Кайыңды айылында кармалганы маалымдалган.

Буга чейин, тагыраагы, 10-январда УКМК "KG Group" курулуш компаниясынын жетекчиси Имамидин Ташовго издөө жарыялаган болчу.

Маалымат үчүн: былтыр 27-октябрда Имамидин Ташовдун кармалганын УКМК кабарлаган. Ал муниципалдык менчикти мыйзамсыз берүүгө жана пайдаланууга байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалган. Мындан сырткары Бишкек шаарында бала бакчага бөлүнгөн жерге көп кабаттуу эки үйдү мыйзамсыз курууга айыпталып жатканы айтылган.

8-декабрда Бишкектин Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

2024-жылы 9-январда социалдык тармактарга Имамидин Ташовдун кайрылуусу жарыяланган. Анда ишкер былтыр 27-декабрда УКМКнын кызматкерлери эркине каршы уурдап кетип, 8 күн белгисиз жайда кармап отурганын айткан. Ташиев муну четке каккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: