super.kg logo

Индияда ысыктан улам жапайы жаныбарлар эс-учун жоготууда

 

Индиянын Дели шаарындагы катуу ысыктан адамдар каза болуп, маймылдар баш болгон жапайы жаныбарлар эс-учун жоготуп жыгылышууда. Бул тууралуу Би-би-си жазды.

Андагы маалыматка ылайык, 29-майда Делиде рекорддук ысык +52,9 градус болуп катталган. Ысыктан шаардагы канаттуулар менен жапайы маймылдар эсин жоготуп жатышат. Мындан тышкары сууну керектөө абдан көбөйгөн. Мындан улам борбордо коомдук суу бөлүштүрүүчү пункттар уюштурулган.

Өлкөнүн айрым аймактарында сабактар ​​токтотулуп, көчөлөр бош, дүкөндөр жабылып, эл сыртка чыкпоого аракет кылууда. Аба ырайынын өтө ысык болушу ондогон индиялыктардын өмүрүн алып кеткен. Тагыраак айтуу кыйын, анткени Индия өлкөдө ысыктан каза болгондордун жалпы санын жарыялабайт.

Өлкөдө муссон мезгили келгенге чейин апрель, май жана июнь айларында дайыма катуу ысык болот, бирок акыркы жылдары ысык кескин күчөдү. Ал эми быйылкы жылдын ысыктыгы мурунку бардык рекорддорду жаңылоодо.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: