Садыр Жапаров жаңы башкы прокурор карап баштады
Өлкө башчы Садыр Жапаров Курманкул Зулушевдин ордуна жаңы жетекчини карай баштады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, президент Садыр Жапаров прокуратура системасындагы кызматкерлердин ичинен башкы прокурорлукка талапкерди карап жатат.
Эске сала кетсек, Курманкул Зулушев кызматтан кетери бүгүн, 3-июнда белгилүү болду. Ал Башкы прокурор болуп 2020-жылдын 21-октябрында дайындалган.
Ушул жылдын 24-апрелинде президент Садыр Жапаров кол алдындагыларды туура эмес көзөмөлдөгөнү үчүн Зулушевге сөгүш жарыялаган.
Анын кызматтан кетүүсүнүн себептери азырынча айтыла элек.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

