Өлкөдө бир жума ичинде 23 миңден ашык жол эрежесин бузуу аныкталды
Өлкө аймагында бир жума ичинде 23 миң 598 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.
Маалыматка ылайык, мындай көрсөткүч 27-майдан 2-июнга чейинки аралыкта катталган.
Жол эрежесин бузуулар:
- Тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу - 325;
- Мас абалында унаа башкаруу - 239;
- Унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 83;
- Жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар - 931;
- Транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу - 3 миң 843;
- Авто ээнбаштык - 31;
- Белгиленген ылдамдыктан ашуу - 4 миң 706;
- Жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу - 4;
- Башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 миң 436;
Ошондой эле ЖКККББ ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 1670 унаа айып короого токтотулганын кошумчалады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.