“1,5 миллион сом сүйлөшүүлөргө эле кетип жатабы?”. Айжигитов министрге нааразы болду (видео)
Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Баткендеги сугат суу маселесин чечүүгө багытталган "Теке секирик" долбооруна бөлүнгөн 1,5 миллион сомдун аткарылышына кызыгып, Айыл чарба министрлигине нааразычылыгын билдирди.
Ал министрликти “сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү билбейт” деп айыптап, бөлүнгөн каражат кайда жумшалып жаткандыгына кызыкты.
“Кытай тарап менен долбоорду ишке ашыруу багытында сүйлөшүп жатканыңарга жарым жыл болду. Бөлүнгөн 1,5 миллион сом силердин барып, сүйлөшүү жүргүзгөнүңөргө эле кетип жатабы? Эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүнү билбейсиңер. Бул долбоор бир гана мага керек эмес, бул мамлекетке керек. Суу маселесин чечиш керек. Бул Баткендеги 500 миң гектар жерге суу берүү маселеси”, - деди эл өкүлү.
Ал эми жыйында айыл чарба министринин биринчи орун басары Кубат Касейинов долбоор боюнча маалымат бере алган жок. Ал жекшемби күнү тийиштүү маалыматтар менен депутатка жолуга тургандыгын айтты.
Айта кетсек, Баткендеги жүздөгөн гектар жерге сугат суу жеткирүү, бош жайларды айдоо талаасына айлантуу боюнча долбоор "Теке секирик" деп аталып, 2006-жылы башталган.
Жогорку Кеңештин жыйыны

