super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Япониянын мамлекеттик катчысы Киёто Цудзини кабыл алды

 

Бүгүн, 3-июнда Садыр Жапаров Япониянын мамлекеттик катчысы Киёто Цудзини кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууда саясий диалогду, парламенттер аралык байланыштарды чыңдоо, ошондой эле соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Ага ылайык, Садыр Жапаров "Борбордук Азия+Япония" диалогунун мамлекет башчыларынын биринчи саммитин өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле Япония менен эки тараптуу узак мөөнөттүү кызматташуу Кыргызстан үчүн өзгөчө маанилүү экенин белгилеп, алдыга коюлган максаттарга, милдеттерге жетишүү үчүн тараптарды көп иш күтүп турганын кошумчалады.

Мамлекеттик катчы Киёто Цудзи кабыл алуу үчүн ыраазычылык билдирип, "Борбор Азия+Япония" диалогунун саммитин өткөрүү тарыхый мааниге ээ экенин билдирди.

"Тышкы иштер боюнча улук вице-министр эки өлкөнүн саммитке даярдык көрүүдөгү кызматташтыгын жогору баалап, иш-чараны ийгиликтүү өткөрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого даяр экенин билдирди.

Анын айтымында, япон тарап аймактын туруктуу өнүгүүсүн камсыздаган жана глобалдык маселелерди чечүүчү жаңы кызматташтык демилгелерин көтөрүүгө ниеттенүүдө", -деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө тараптар "Бир айыл – бир өндүрүм" биргелешкен ийгиликтүү долбоорду да талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: