super.kg logo

Акылман президенттик лицейине 8-класстар үчүн тандоонун I туру башталды

 

“Акылман” президенттик лицейине кабыл алуу үчүн 3-4-5-июнь күндөрү 8-класстарга I турдун онлайн тестирлөөсү жүргүзүлөрүн маалымдайт. Онлайн тестирлөө exam.edu.kg сайты аркылуу жүргүзүлүп, 5 предмет боюнча тапшырылат. Бул тууралуу билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалымдалгандай, алар:

  • математика – 25 суроо
  • логика – 15 суроо
  • кыргыз тили – 15 суроо
  • орус тили – 15 суроо
  • тарых – 15 суроо

“Биринчи тур 3-июнда – Нарын облусу (11:00-13:00), Ош облусу (15:00-17:00), Ош шаары (15:00-17:00) өтөт. Ал эми 4-июнь – Ысык-Көл (11:00-13:00), Талас (11:00-13:00), Жалал-Абад облустарында (15:00-17:00) кабыл алуу жүргүзүлөт. Баткен облусу (11:00-13:00), Чүй облусу (15:00-17:00), Бишкек шаары (15:00-17:00) боюнча тестирлөө 5-июнда уюштурулат”, - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 6-июнда саат 11:00дөн 14:00гө чейин I турдун катышуучуларынын телефон чалуулары, кайрылуулары каралат. II турга өткөндөрдүн жыйынтыгы 7-июнда “Акылман” кабыл алуу - 2024” https://t.me/akylmanpresidentialschool Телеграм каналы аркылуу кабарланат.

Маалымат үчүн: консультация алууну каалагандар +996704140792, +996700038596, +996507888112 байланыш номурларына саат 9:00дөн 18:00гө чейин кайрылса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: