super.kg logo
  Саясат  

Нурланбек Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту

 

Бүгүн, 3-июнда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен жолугушту. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалымдалгандай, жолугушууга Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн парламенттеринин жетекчилери да катышты.

Ага ылайык, баарлашууда ЖККУнун абалы жана келечеги талкууланып, андагы парламенттердин ролу тууралуу сөз болду.

"Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУ Парламенттик ассамблеясынын ишине жогору баасын берип, жамааттык коопсуздукту камсыздоо багытында кабыл алынып жаткан моделдик актылардын маанилүүлүгүнө токтолду", - деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, бүгүн Алматы шаарында ЖККУ ПАнын кезектеги жыйындары өтүүдө.

Жыйындын алкагында уюмга мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык байланышына тиешелүү маселелер талкууланары мерчемделген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: