super.kg logo

MBANK жана КФС кыргызстандыктарды футбол боюнча улуттук курама команданы колдоого чакырат

 

ААК "Коммерциялык Банк Кыргызстан" | MBANK курама команданын расмий банкы жана Кыргыз футбол союзунун башкы өнөктөшү болуу менен футбол күйөрмандарын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасын колдоого чакырат.

2024-жылдын 6-июнунда, Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо Кыргызстан менен Малайзиянын улуттук курама командаларынын ортосунда футбол боюнча 2026-жылкы дүйнө чемпиондугуна тандап алуу оюну өтөт.

«Өлкөнүн алдыңкы ири банкы биздин курама команданы колдоп, республикада спортту өнүктүрүүгө мүмкүнчүлүк берип жатканына абдан кубанычтабыз. Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулукка көрсөтө турган көп жакшы жактары бар жана өнөктөштөрдүн, күйөрмандардын мындай колдоосу менен биз жогорку натыйжаларга жетебиз деп ишенем», - дейт Кыргыз футбол союзунун башкы катчысы Медербек Сыдыков.

Футбол күйөрмандары үчүн MBANK атайын билеттерди сатып алуу үчүн акция баштады. MBANK тиркемеси аркылуу билеттерди -30% арзандатуу менен сатып алыңыз. Акция 2024-жылдын 3-июнуна чейин уланат.

Матчка билеттерди -30% арзандатуу менен сатып алуу үчүн:

  • MBANK тиркемесин ачыңыз
  • Кызматтар бөлүмүнүн ичине өтүп,
  • “Билеттер бөлүмүн тандаңыз
  • “Ticket” аркылуу каттоо жүргүзүңүз

Күйөрмандар үчүн семплинг (көргөзмө), фудкорт, мерч сатып алуу, ошондой эле ди-джейдин коштоосунда ар кандай белектер жана конкурстар уюштурулат.

Эгер бул оюнда курама команда жеңишке жетсе, 2027-жылдагы Азия Кубогуна катышууга жана 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна тандоонун кийинки этабына чыгууга кепилдик ала алышат.

Оюн саат 21:00дө башталат, ал эми стадион өз эшигин көрүүчүлөр үчүн саат 19: 00дө ачат.

Келип, MBANK менен бирге күйөрмандык кылыңыз!






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: