Бишкекте чет элдик жаранды тоноду деген шек менен 30 жаштагы жаран кармалды



Бишкек ШИИББинин ыкчам кызматкерлери тарабынан чет элдик жаранга карата тоноо жасагандыгы үчүн шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-июнда милициядан билдиришти.
Маалымдалгандай, 31-майда Бишкек ШИИБине Ш.Л. аттуу чет өлкөлүк жаран арызы менен кайрылган. Анда ал ошол күнү кечки саат 21:53 чамасында Сыдыков жана Исанов көчөлөрүнүн кесилишинде күч колдонуп, муунтуу жолу менен 30 миң сом турган Huawei Honor 10 маркасындагы уюлдук телефонун жана 1400 сом суммадагы акча каражатын алып, белгисиз тарапка качып кеткен жаранга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 206-беренесине (Тоноо) ылайык кылмыш иши козголгон.
"Анда милиция кызматкерлери 1994-жылы туулган И.Э. аттуу шектүүнү кармашкан. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми милиция кызматкерлери шектүүдөн мурда кылмыш жолу менен алынган уюлдук телефонду табышкан.
Азыркы учурда анын башка ушул сыяктуу кылмыш фактыларын жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталууда", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

16:29
2025-06-24

15:38
2025-06-24

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.