Муфтият Сузакта өрттөлгөн туу окуясы боюнча билдирүү жасады
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Сузак районунда мамлекеттик желектин өрттөлүшү боюнча билдирүү жасап, жарандарды эгемендиктин баркын билип, тууну аздектөөгө чакырды.
"Урматтуу кыргыз элим! Аллага шүгүрлөр болсун, мекенибизде мечиттер салынып, азан айтылып, намаздар окулуп, медреселер иштеп, динде эркин жашап жатабыз. Бул эгемен өлкөбүздүн өнүгүп-өсүүсү, динибиздин туура жайылуусу. Диний баалуулуктарды, улуттук дөөлөттөрдү, эркиндиктин символу болгон кызыл желегибизди аздектөө менен бирге элибиздин бүтүндүгүнө, мекенибиздин тынчтыгына, мамлекетибиздин күч-кубаттуу болуусуна баарыбыз биргеликте салым кошолу", - деп айтылат.
Ошондой эле дин башкармалык жарандарды сабырдуу болуп, чагымга алдырбоону өтүндү.
Биз эгемен кыргыз эл экендигибизди эч качан унутпайлы. Анткени Кыргызстандын өз алдынча, эгемендүү мамлекет экенин далилдеген негизги белгилери бар. Аларга мамлекеттик туу, герб жана гимн кирет. Дал ушул баалуулуктарыбызды кастарлап жашайлы.
Өлкөбүздүн тынчтыгы үчүн ынтымакта болуп, улут-урууга бөлүнүп-жарылбай, ар кандай провокациялык аракеттерге азгырылбай, сабырдуулук, такыбалык, күнөөдөн сактануу менен өмүр сүрөлү!" - деп айтылат дин башкармалыктын билдирүүсүндө.
Белгилей кетсек, белгисиз адамдар Сузак районундагы 2 орто мектептин жана Атабеков айыл өкмөтүнүн имаратына илинген мамлекеттик желектерди өрттөп, ордуна араб жазуусу бар ак чүпүрөк илип кетишкен. Бул боюнча Ош облустук милициясы маалымат берип, окуя 30-майга оогон түнкү саат 3:20-4:00 чамасында болгонун, иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлаган.



1 |