super.kg logo

Банктан 8 миллион сом чыгарып кетүүгө шектелген жарандар кармалды

 

Бишкектеги банктардын биринен 8 миллион сомдон ашык каражатты мыйзамсыз чыгарып кетүүгө шектелген жарандар кармалды. Маалыматты Ленин РИИБи билдирип, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин айтты.

Милицияга 2-июнда банктардын биринин өкүлү акча каражаттарын белгисиз адамдар мыйзамсыз чыгарып кеткендиги тууралуу арыз менен кайрылган. Натыйжада банкка 8 миллион 28 миң 289 сомдук материалдык зыян келтирилген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Т. жана 1984-жылы туулган Б.М. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Тергөөдө шектүүлөрдүн бири жогоруда аталган банктын кызматкери болуп, жеке кызыкчылыгын көздөп, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы аныкталган. Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Тергөө иштери уланууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: