Эртең Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берилбейт
Эртең, 5-июнда Бишкектин айрым жерлеринде таза суу берилбейт. Бул тууралуу мэрия маалымдап, шаар тургундарын суу камдап алууга чакырды.
Билдирмеге ылайык, «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасы шаардын суу түтүктөрүн оңдоо иштерин жүргүзөт. Буга байланыштуу эртең саат 9:00дөн 18:00гө чейин төмөнкү даректерде таза суу берүү токтотулат:
Байтик баатыр – Элебаев – Кулатов көчөлөрү, Геологиялык чолок көчөсү – Лев Толстой – Жукеев Пудовкин (Горький көчөсүнөн төмөн) – Матросов – Ибраимов көчөлөрү менен чектешкен аймактар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.