Эркин күрөш боюнча курама команда Венгриядагы рейтингдик мелдешке катышат
Өлкөнүн эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Венгрияда Polyák Imre & Varga János Memorial атындагы рейтингдик турнирге катышат. Бул туурасында бүгүн, 4-июнда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Белгилүү болгондой, спорттук иш-чара 6-9-июнда Будапешт шаарында өтөт.
Курама команданын тизмеси:
- Алмаз Сманбеков (57 килограмм);
- Бекболот Мырзаназар уулу (57 килограмм);
- Тайырбек Жумашбек уулу (61 килограмм);
- Улукбек Жолдошбеков (65 килограмм);
- Алибек Осмонов (65 килграмм);
- Орозобек Токтомамбетов (74 килограмм);
Башкы машыктыруучу Русланбек Маджидинов болсо, улук машыктыруучу Сүймөнкул Таабалды уулу.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.