11-июндан тарта Шенген визасына болгон баа кымбаттайт
11-июдан тарта Шенген өлкөлөрүнүн визасы үчүн консулдук жыйымдар жогорулайт. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, эми чоңдор үчүн виза 90 евро, ал эми 6 жаштан 12 жашка чейинки балдар үчүн 45 евро болот. Мындан тышкары кыргызстандыктар аталган визаны эми Шенген аймагына жарым-жартылай кошулган Болгария менен Румыниядан дагы ала алышат.
"Шенген мейкиндигине Болгария менен Румыния жарым-жартылай кошулду. Быйыл 1-апрелден тартып Болгария менен Румыния үчүнчү өлкөлөрдүн жарандарына, анын ичинде кыргызстандыктарга Шенген аймагынын калган өлкөлөрүндө 180 күндүк мөөнөттүн ичинде 90 күнгө чейин жүрүүгө мүмкүндүк берүүчү С тибиндеги (кыска мөөнөттүү) Шенген визаларын бере баштады", - деп айтылат маалыматта.
Министрлик жарандарды чет өлкөгө болгон сапарларын алдын ала пландаштыруунун маанилүүлүгүн белгилейт.

