super.kg logo

"Баласы ооруканада". Сокулукта Volkswagen менен ЗИЛ сүзүшүп, бир адам каза болду

 

Сокулук районундагы жол кырсыгынан бир адам каза болду. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 4-июнда SUPER.KG порталына Чүй ОИИБинен тастыктады.

Маалыматка ылайык, кечээ, 3-июнда Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Манас айылынын Васильевский тракт унаа жолунда жол кырсыгы болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган маалымат каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган.

Кырсык ошол эле күнү саат 17:00дө болгон. Анда аталган унаа жолдо Бишкек шаарынын 1974-жылы туулган тургуну өзүнүн Фольксваген Гольф-3 унаасы менен карама каршы тилкеде келе жаткан Сокулук районунун тургунунун башкаруусундагы Зил-130 чоң жүк ташуучу унаасын сүзгөн. Жол кырсыгынын кесепетинен Фольксваген Гольф-3 унаасынын айдоочусу окуя болгон жерде каза болгон. Ал эми унаа ичиндеги баласы ар кандай дене жараатын алып, Бишкек шаарынын №4 илимий изилдөө жана ортопедия ооруканасына жеткирилген.

Азыркы учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: