super.kg logo

Өлкөдөгү кесиптик лицейлердеги билим берүү 2 жыл болуп кыскарды 

 

Өлкөдөгү ири жана чакан ишканаларга адистерди даярдоого кесиптик лицейлер жардамга келет. Бул туурасында бүгүн, 4-июнда билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу пресс-конференция учурунда билдирди.

Анын айтымында, ишканалардагы жумуш орундарга жалпы 38 миңдей адис керектелет. Алар IT адистиги, ширетүүчү, электрик, ашпозчу, айдоочу жана башка ушул сыяктуу кесиптин ээлери.

“Эки багыт менен кесиптик лицейлерге кабыл алуу болот. Биринчиси 9-класстан кабыл алуу, алар акысыз окутулат. Мектептин программасы менен биргеликте 2 жыл аралыгында бир же эки кесиптин ээси боло алат. Мурун 2,5 же 3 жылдык окуу болсо, учурда мөөнөтү кыскартылып эки жыл болуп калды.

Экинчиси 2 айдан 9 айга чейинки окуу курстары. Бул багытта окууну каалагандардын жаш курагы каралбайт. Үй кожойкелери да билим алып тигүүчү болуп, өз каржысын табууга мүмкүнчүлүктөр каралган.

Кесиптик лицейлер менен жергиликтүү бийлик тыгыз кызматташууну колго алды. Айыл өкмөттөрдөгү адистердин таңкыстыгы лицейдин бүтүрүүчүлөрү менен жоюлат”, - деп билдирди ал.

Ошондой эле министрлик берген маалыматка ылайык, өлкөдө жаңы ачылган жана ишке берүү алдында турган 224 ишканага адистер керек. Учурда кесиптик лицейди аяктагандар үчүн 7 миңге жакын жумуш орун каралган.

Белгилей кетсек, башталгыч кесиптик билим берүү системасына өлкө ичиндеги 99 окуу жайы кирет, алардын ичинен кесиптик лицейлер - 92, түзөтүү мекемелериндеги кесиптик окуу жайлары - 6, ошондой эле Токмок индустриалдык педагогикалык колледжи бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: