super.kg logo

 Жыл башынан бери канча балага сүйүнчү берилгени айтылды

 

Жыл башынан бери 60 миң 443 наристеге "балага сүйүнчү" бир жолку төлөмү берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, бул үчүн бюджеттен 215,6 миллион сом сарпталган. Анын 1,1 миллион сому бир мезгилде үч же андан көп төрөлгөн 21 балага берилген.

Министрлик ар бир жаңы төрөлгөн ымыркайга сүйүнчү катары 4 миң сомдон берилерин, эгерде үч же андан көп эм төрөлсө ар бир балага 50 миң сомдон төлөнөрүн белгилейт.

"Бир жолку төлөмдү алуу үчүн, ата-эне ымыркай төрөлгөн күндөн тартып алты айдын ичинде Калкты тейлөө борборлоруна же Жарандык абалдын актыларын жазуу органдарына кайрылуусу керек. Каражаттар арызды бергенден кийин 2 иш күндүн ичинде банк эсебине чегерилет. Андыктан ата-эне акчаны "РСК" жана "Айыл банктын" филиалдарынан арыз берген күндөн тарта алты айдан кеч эмес мөөнөттө алуусу керек", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: