super.kg logo

Ноокенде 20 жылдыктар айылдагы жалгыз бой энеге 2 миллион сомго үй салып беришти

 

Ноокен районунун Дооронбек Садырбаев айыл өкмөтүнүн Бирдик айылынын №31 Жумалы Татыкулов орто мектебинин 1986-1987-жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү айылдагы жалгыз бой энеге үй салып беришти. Бул тууралуу бүгүн, 4-июнда Муфтияттан билдиришти.

Маалымдалгандай, бүтүрүүчүлөр өз айылынын көйгөйлүү маселелерин чечүүдө ар дайым көмөктөшүп келишет. Бул мезгилге чейин да бир топ алгылыктуу иштерге жардам колун сунушкан. Салтка айланган 10 жана 20 жылдык мааракелерди уюштурушкан мектеп бүтүрүүчүлөрү бир күндүк жыргалчылыктын ордуна сооп иштерди жасап, айылдаштарынын алкоосуна татып келишет.

Ага ылайык, жалгыз бой энеге жана анын балдарына арналып салынган үйгө жалпысынан 2 миллион сомдон ашуун акча каражат жумшалган. Келерки жылкы мектеп бүтүрүүчүлөрү ушул эле үйдүн тегерегин тосуп, дарбаза коюп берерин убадалашты.

"Ал эми үйлүү болуп кубанып турган эне уюштуруучуларга жана демилгечилерге ыраазычылыгын билдирди. Сооптуу иштин башында турган 1987-жылкы балдардын мындай аракети айыл элин кубантты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: