super.kg logo

"6 миллиондон 1 миллионго кыскарды". Орусияда Өзбекстандан барган эмгек мигранттарынын саны төрт эсеге кыскарды

 

Орусияда өзбекстандык эмгек мигранттарынын саны 2016-жылдан бери 4-6 миллиондон 1 миллионго чейин кыскарды. Бул республикада жүргүзүлүп жаткан экономикалык реформанын натыйжалуулугуна байланыштуу деп билдирди Өзбекстан президентинин басма сөз катчысы Шерзод Асадов.

"2016-жылга чейин (өзбек — «Коммерсант») Орусиядагы эмгек мигранттарынын саны орточо эсеп менен 4 миллиондон 6 миллионго чейин болгон болсо, бүгүнкү күндө алардын саны 1 миллионду гана түзөт", - деди Асадов Sevimli телеканалына берген маегинде.

Анын айтымында, бийлик экономикалык реформалардын аркасында өлкөдөн чет жакка барып иштеген жарандардын агылып кетишин токтото алды. Ал жакшы натыйжа берди.

Орусиянын президенти Владимир Путин 26-27-май күндөрү Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында Москва мигранттарга татыктуу иштөө шарттарын камсыз кылуу үчүн бардык зарыл иштерди жасап жатканын айтты. Орусия алардын экономикалык өнүгүүгө кошкон салымын жогору баалай турганын кошумчалады. Анда Путин Орусияда Өзбекстандын 1 миллиондон ашык жараны эмгектенип жатканын тактады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: