Ошто пробация бөлүмү электрондук билериктерди колдоно баштады





3-июндан баштап Ош шаарындагы пробация бөлүмүндө электрондук көзөмөл пилоттук режимде ишке киргизилди. Бул тууралуу пробация бөлүмүнөн билдиришти.
Ага ылайык, Бишкек шаарынын Ленин районундагы пробация бөлүмүндө, ошондой эле Ош шаарынын пробация бөлүмүндө электрондук көзөмөл пилоттук режимде киргизилди.
"Учурда пробация бөлүмүндө 17 жаран электрондук билерик тагынышат, ал эми мобилдик тиркеме 15 кардардын телефонуна орнотулган", - деп айтылат департаменттин маалыматында.
Белгиленгендей, мобилдик тиркеме кардардын телефонуна орнотулган. Мобилдик тиркемени Башкы прокуратурага караштуу Укук мамлекеттик мекемеси иштеп чыккан.
Электрондук көзөмөл пробация бөлүмүнүн мониторинг борбору 24 саат бою пробация кардарынын кыймылына үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылат.

