super.kg logo

"Жеңилдиктер, бассейн, эс алуучу жай". Бишкектеги муниципалдык мончолор кандай иштеп жатат?

 

Бишкек шаарынын мэриясынын астындагы муниципалдык мончолордо пенсионерлер жана мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн атайын жеңилдиктер бар.

Капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн мончолордо орус буу бөлмөсү, таза суусу менен бассейн, кафе, массаж кызматы, чачтарачкана бар. Буу бөлмөсүндө кызматкерлер жарандарга атайын кызматтарды көрсөтүшөт.

Ошондой эле муниципалдык мончолордо өзүнчө душ бөлмөлөрү жана эс алуу бөлмөлөрү бар. Мындан тышкары мончонун унаа токтотуучу жайында унаа жуучу жай дагы бар.

Бишкек шаарында ысык суу токтогонуна карабастан муниципалдык мончолор ишин токтоткон эмес.

Иш убактысы:
№2 мончо - Жибек Жолу проспектиси, 286 (Шопоков көчөсү менен кесилишет) дареги боюнча жайгашкан, конокторду саат 08:00дөн 22:00гө чейин кабыл алат;

№5 мончо - Жумушчулар шаарчасы, Гагарин, 71/1 дарегинде жайгашкан. 08:00дөн 22:00гө чейин ачык.

Баасы:
№2 мончо - 500 сом, пенсионерлер үчүн - 250 сом;

№5 мончо - 350 сом, пенсионерлер үчүн - 200 сом.

Байланыш үчүн номур: 0312 49 16 55






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: