super.kg logo

Ташкентте "ушунча уйдун арасында мен эле сулуумун" деген кыз камалды (видео)

 

Коңшу Өзбекстандын Ташкент шаарында аймактардан келген адамдарды кемсинтип сүйлөгөн 21 жаштагы кыз 15 суткага камакка алынды. Бул тууралуу Өзбекстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал Ташкенттеги көчөлөрдүн биринде кетип бара жатып, аймактардагы адамдарды кемсинтип сүйлөгөн сөзүн социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.

"Ташкентке аймактардан ушундай адамдар келбесе, балким, биз бактылуу жашамакпыз, башыбыз оорубайт беле? Карачы, ушунча уйдун арасында мен жалгыз сулуумун”, - деген кыз видеодо.

Сотто кыз Локомотив паркына, андан кийин адамдар көп болгон Seoul Mun соода аймагына барганын айткан. Ал бул кылганына өкүнүп жатканын айтып, кечирим сураган.

Сот аны Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 183-беренеси (майда бейбаштык) боюнча күнөөлүү деп таап, 15 суткага камакка алуу чечимин чыгарган.

Өз кезегинде кыздын атасы кызынын жаңылыштык кетиргенин айтып, жубайы экөө да аймактардан экенин кошумчалаган.






Ташкентте 21 жаштагы кыз адамдарды кемсинткени үчүн камалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: