super.kg logo

Сузакта мамлекеттик туунун өрттөлүшү: УКМК 19 жана 16 жаштагы эки кызды кармады (видео)

 

Сузак районунда мамлекеттик тууну өрттөп, ордуна арабча жазууну илип коюуга шектүү деп эки жаран кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

1-июнда УКМК менен ИИМдин биргелешкен иш-чараларынын натыйжасында мамлекеттик символикаларды өрттөөнүн уюштуруучулары жана күнөөкөрлөрү аныкталган. Алар Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылынын 19 жана 16 жаштагы тургундары жана "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү болуп чыккан.

армалган 19 жаштагы А.К. 2022-жылы аталган уюмдун катарын толуктап, ант берип, 2023-жылдын жаз айларында Бек-Абад айылынын тургундарын дагы уюмга тарта баштаган. 2023-жылдын күзүндө ал өзүнүн 16 жаштагы шериги А.Н. аттуу кызды дагы "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна кошкон.

А.К. жана шериги 2024-жылдын январь айынан бери желектерди алмаштыруу жана өрттөө иштерин жүргүзүп келген. Алар кылмыштуу ниетин жасоо максатында 2024-жылдын жаз айларында Жалал-Абад шаарындагы "Береке" базарынан ак кездеме, "Бек-Абад" базарынан кара маркерлерди сатып алышкан.

29-майда жогорудагы эки адам араб жазуусу бар ак желектерди түнү менен даярдашкан. Андан кийин ошол түнү Бек-Абад айылындагы №4, №88 мектептин башкы дарбазаларында, ошондой эле уюлдук оператор мунарасында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик желектерин алмаштырышкан. Андан соң Бек-Абад айылындагы М.Сыдыков жана Ураимжан ата көчөлөрүнүн кесилишинде мамлекеттик желектер өрттөлгөн", - деп билдиришти УКМКдан.

Жыйынтыгында кызынын кылмышын жашырганы үчүн А.К.нын апасы жана туугандары дагы кармалды.

"Кармалгандардын бардыгына "тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик уюмуна мүчө болгон жана мамлекеттик символикаларды жок кылган" деген айып тагылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кармалгандардын бардыгына баш коргоо чарасы катары камакка алуу түрү тандалды", - деп кошумчалашты УКМКдан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: