Боор алмаштыруу операциясына даярдык: Депутаттар оорукананы көрүп чыгышты
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев жана Жогорку Кеңештин депутаттары Медербек Алиев, Гуля Кожокулова, Айбек Маткеримов Кыргыз-Түрк достугу ооруканасын көрүп чыгышты.
Анда алар боорду алмаштыруу боюнча медициналык мекеменин даярдыгы менен таанышып, операция жасала турган бейтаптар менен жолугушту.
Министрликтен билдиргендей, 4-июнда болгон иш сапарда министр жана депутаттар боорду алмаштыруу боюнча операцияларга даярдык иштери жана оорукана тууралуу кеңири маалымат алышты. Ал эми адистер дарылоо процессинде колдонула турган заманбап жабдууларды жана технологияларды көрсөтүштү.
«Боорду трансплантациялоо – бул эң жогорку билимди жана кесипкөйлүктү талап кылган татаал, жогорку технологиялык процедура, биз түркиялык адистердин жана биздин жергиликтүү адистердин биргелешкен аракетинин аркасында бул долбоорду ийгиликтүү ишке ашырып, бейтаптарыбызга жардам бере аларыбызга ишенебиз», - деген министр.

