super.kg logo

Башкы прокурорлукка талапкер Асаналиевдин эмгек таржымалы боюнча эмнелер белгилүү?

 

Максат Асаналиев 1978-жылдын 24 мартында Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Ак-Терек айылында жарык дүйнөгө келген.

Ал Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

Эмгек жолунда Бишкетин Октябрь райондук прокуратурасынын тергөөчүсү, Башкы прокуратуранын өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү, Биринчи май районунун прокурору болуп да иштеген.

2022-жылдын май айынан тарта Ош облусунун прокурору кызматын аркалап келе жаткан.

Бүгүн, 5-майда Жогорку Кеңеш башкы прокурорлукка Максат Асаналиевдин талапкерлигин жактырды. Буга чейин өлкө башчы Садыр Жапаров башкы прокурорлукка анын талапкерлигин сунуштап, Жогорку Кеңештен макулдук алууга киргизген.

Асаналиев юстициянын биринчи класстагы кеңешчиси.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: