super.kg logo

"Ич кийимчен чуркап кеткен". Казакстанда 11 жаштагы бала табышмактуу жагдайда жоголду (видео)

 

Коңшу Казакстандын Актөбө облусунда аутизм менен жабыркаган 11 жаштагы бала дайынсыз жоголуп, аны 500гө жакын адам издеп жатат. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, ал 4-июнь күнү чоң ата, чоң энеси жашаган үйдөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Туугандары мессенжерлерде баланын короодон ич кийим жана футболка менен чыккан видеосун жарыялашты. Бул учурду көчө көзөмөл камералары тартып алган.

"Дайынсыз жоголгон баланы издөөгө 500гө жакын адам, анын ичинде полиция кызматкерлери, ыктыярчылар жана 40 даана техника тартылып, издөө иштери жүрүп жатат", - деп билдирген Актөбө облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы.

"Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар менен бир эле мезгилде үйлөрдүн бардык чатырлары жана короолору, канализациялык люктар жана таштандылар текшерилип жатат.

Полиция кызматкерлери жана дрондор талаа, анын ичинде токойлуу жерлерди дагы кароодо.






Казакстанда аутизм менен жабыркаган бала дайынсыз жоголду

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: