super.kg logo
  Саясат  

Бишкекке Тажикстандын Вице-премьер-министри Муродали Алимардон жумушчу иш сапары менен келди

 

Бүгүн, 23-декабрда Кыргызстанга Тажикстандын Вице-премьер-министри Муродали Алимардон жумушчу иш сапары менен келди. Бул туурасында Өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кыргыз-тажик сүйлөшүүлөрү “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында өттү. Анда Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Токон Мамытов орчундуу маселени талкуулоо үчүн Бишкекке келген тажик кесиптешине ыраазычылыгын билдирди.

“Эки тараптуу мамиленин мындан ары улануусуна бекем негиз түзүлдү. Кыргызстан менен Тажикстандын жогорку деңгээлдеги кызматташтыгы өнүгүүнүн жаңы баскычына-прагматизм жана конструктивизмге өттү. Акыркы убактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган кадамдар ага жаңы макам берет. Ошондой эле алар эки өлкөнүн элинин бакубаттуу жашоосу үчүн көп мерчемдүү кызматташтыкты кеңейтүүгө жол ачат”,- деди Токон Мамытов.

Өз кезегинде Муродали Алимардон: “Биз кылымдар бою түптөлгөн достугун жогору баалайбыз. Акыркы күндөрдө кыргыз-тажик чек арасында болуп өткөн окуялар чарбалык мүнөздө гана болгон деп эсептейм. Чек ара маселеси боюнча мамлекеттер аралык координациялык кеңештин 1-жыйынынын буйруктарын тараптар аткара баштагандыгын кошумчалагым келет”,- деди.

Андан соң тараптар мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо, Көк-Таш-Ак-Сай-Тамдык унаа жолунун, Кулунду-Максат көпүрөсүнүн курулушуна байланыштуу маселелерди карап чыгышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: