Депутат Айгүл Айдарова "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын курамынан чыгарылды
Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова "Бүтүн Кыргызстан" парламенттик фракциясынан чыгарылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына фракциянын катчылыгынан ырастады.
Мындай чечим депутат айымдын фракциянын жыйындарына себепсиз катышпагандыгынан улам кабыл алынган.
Белгилей кетсек, Айгүл Айдарова 2022-жылы 26-январда Жогорку Кеңешке "Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын тизмеси менен депутат болгон. Ал диплом чырынан улам мандатынан ажыраган Орозайым Нарматованын ордуна келген.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

