super.kg logo

УКМК: "Бишкекте шалаакылык кылган куруучу компаниялардын жерлери мамлекетке алынды"

 

Бишкекте үлүш ээлеринин алдындагы милдеттенмелерди аткаруу үчүн шалаакылык кылган куруучу компаниялардын жер тилкелери мамлекеттин пайдасына алынды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда УКМК кабарлады.

УКМК тарабынан курулуш компанияларынын ишиндеги мыйзам бузууларды аныктоо, үлүшчүлөрдүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо жана шаар куруу чөйрөсүндө алдамчылык көрүнүштөргө жол бербөө максатында жүргүзүлгөн иштердин алкагында шалаакылык кылган курулуш компанияларынын иши аныкталды.

"Р.С.М." ЖЧКсы Бишкек шаарынын мэриясынан турак жай комплексин куруу үчүн 49 жылдык мөөнөткө аянты 0,54 гектар жер тилкесин ижарага алган. Бирок «Р.С.М.» ЖЧКсы толук кандуу курулуш үчүн өз күчүнө жана каражатка ээ болбостон, башка подряддык компания менен курулуш келишимин түзүп, кийин курулушка керектүү каражаттарды алуу үчүн курулуп жаткан батирлерди үлүштүк катышуу келишими боюнча 100дөн ашык үлүшчүлөргө саткан. Жер тилкесинин бааланган наркы 132 миллион 170 миң сомду түзгөн.

Андан соң жер тилкесинин ээси «Р.С.М.» ЖЧКсы жеке кызыкчылыгы үчүн подряддык компания менен келишимди эч кандай себепсиз бузган. ЖЧКнын негизсиз жана ак ниетсиз иш-аракеттерине байланыштуу подряддык компания турак үйлөрдүн курулушун бүтүрө алган эмес жана үлүшчүлөрдүн алдындагы өз милдеттенмелерин толук аткара алган эмес", - деп жазылат маалыматта.

Буга байланыштуу УКМК тарабынан көрүлгөн чаралардын натыйжасында жогоруда аталган жер тилкеси соттук тартиптин негизинде мамлекеттин пайдасына кайтарылды.

"Мындан улам подряддык курулуш компаниясынын үлүшчүлөрдүн алдындагы милдеттенмелерин аткаруу үчүн шарттар түзүлүп, аталган жер участогун мамлекеттен түздөн-түз ала алышат жана курулушту бүтүрө алышат", - деп кошумчалады атайын кызмат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: