"Лагерь 4 миңден ашуун окуучуну камтыйт". Бишкекте мектеп лагерлери ачылды





Бишкекте балдардын жайкы эс алуусун уюштуруу, ден соолугун чыңдоо жана иш менен камсыз кылуу, кылмыштуулукту алдын алуу жана кароосуз калган жашы жете элек өспүрүмдөрдү азайтуу максатында мектеп лагерлери ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалымдалгандай, лагерлер шаардагы 37 мектепте иштеп, анын 31инде тамактануу уюштурулат. Лагерь 4275ке жакын окуучуну камтыйт.
Райондор боюнча мектеп лагерлердин тизмеси:
- Ленин районунда 7 мектеп лагери ачылды: №7, 40, 42, 79, 80, 97, 102. Жалпысынан 1090 окуучуну камтыйт.
- Биринчи май районунан 6 мектеп лагерь: №27, 49, 69, 86, 99, 101,
1000 окуучу катталды;
- Свердлов районунда 14 мектепте мектеп лагери ачылды, анын ичинен 12 мектепте тамактануу уюштурулду. Жалпысынан 1315 окуучуну камтыйт.
- Октябрь районунда 10 мектеп лагери: № 3, 14, 26, 39, 56, 64, 88, 91, 98, 103 мектептерде. Мектеп лагерлерине 870 окуучу катталган.
Ага ылайык, мектеп лагерлеринин мезгилинде балдардын маданий эс алуусун уюштуруу максатында "Кыргызстан балдары" шаардык чыгармачылык борборунун, райондук балдар чыгармачылык борборлорунун жана жаш техниктер станциясынын клубдарынын, спорттук секцияларынын иш пландары төмөнкү багыттар боюнча бекитилди:
- көркөм кол өнөрчүлүк багыты;
- музыкалык-эстетикалык багыты:
- улуттук аспаптарда ойноо, вокалдык студиялар багыты;
- интеллектуалдык жана социалдык өнүгүү, учак моделдөө, туризм жана өлкө таануу багыты.
"Жалпысынан мектеп лагерлеринде сүрөт тартуу, шахмат, үй куруу: чийүү, кесүү, чаптоо, оригами, кыргыз оймосу, моделдөө, элдик аспаптарда ойноо, кол өнөрчү, кийиз, шуру менен иштөө сыяктуу 70 ийрим уюштурулат.
Мындан тышкары мектеп лагерлеринде массалык спорттук иш-чараларды өткөрүү үчүн спорттук залдар даярдалды", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:20
2025-06-27
13:53
2025-06-27

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.