super.kg logo

Ош шаарынын алыскы конуштарында көчмө клиника иштей баштады

 

Ош шаарынын алыскы конуштарында “Аракет” долбоорунун алкагында "Ден соолук кербени" аталышындагы көчмө клиника иштей баштады. Бул тууралуу бүгүн, 5-июнда Ош мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, аталган клиникада Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыгындагы жатаканалардын, Алымбек-Датка муниципалдык аймактык башкармалыгына караштуу Эдельвейс, Алай-1, Алай-2 конуштарынын жашоочулары текшерүүдөн өтө алышат.

"Клиникада эки күн, 5-6-июнда ОшМУнун медициналык адистери, Ош шаарынын үй-бүлөлүк медицина, Ош облустук кан аркылуу жугуучу вирустук гепатит жана АИВке каршы күрөшүү борборлорунун дарыгерлери тарабынан 23 жаштан 65 жашка чейинки жергиликтүү жашоочуларга медициналык жардамдар көрсөтүлүп, АИВ-инфекциясына жана гепатит В вирусуна карата текшерүүлөр жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, (ВИЧ) АИВ/СПИД жана вирустук гепатиттин алдын алуу боюнча тиешелүү маалыматтар берилип, терапевт, кардиолог, ЛОР, невропатолог, окулист, гинеколог, педиатр, уролог, УЗИ жана рентгендик текшерүүлөр өткөрүлөт.

Анда балдарга, аярлуу катмардагы аялдарга, көп балалуу энелерге, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга өзгөчө көңүл бурулат.

Белгилей кетсек, аталган клиника Эдвокаси адам укуктары борбору уюму менен биргеликте уюштурулду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: