Максат Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалды

Бүгүн, 5-июнда Максат Асаналиев башкы прокурор болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, конституциянын 70-беренесинин 5-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 71-беренесине ылайык Асаналиев Максат Кубатович башкы прокурор болуп дайындалды.
Ага ылайык, жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Буга чейин бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Асаналиевдин талапкерлигин карап, аны башкы прокурор кызматына дайындоого макулдугун беришкен.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:07
2025-06-24
15:15
2025-06-24

17:05
2025-06-23
11:44
2025-06-23
Рейтинг:
0

