super.kg logo

УКМКнын казак ишкерине издөө жарыялашы: Казак компаниясы билдирүү жасады

 

Коңшу Казакстандын "Казахмыс" компаниясы Кыргызстан издөө жарыялаган казак компаниясынын топ-менеджери Владимир Жуманбаевге байланыштуу кырдаалга комментарий берди.

Кечээ, 5-июнда Кыргызстандын УКМКсы Казакстандын жараны, «Казахмыс Холдинг» ЖЧКсынын топ-менеджери, «Алтын Алмас» жана «Каражыра» компанияларынын акционери Владимир Жуманбаевге эл аралык издөө жарыялаган.

"Владимир Жуманбаевдин УКМКнын билдирүүсүндө көрсөтүлгөн түзүмдөр менен эч кандай байланышы жок экенин маалымдайбыз. Учурда Жуманбаев эмгек өргүүсүндө. Ал укук коргоо органдарынан жашынбайт жана тергөөгө ар тараптуу жардам көрсөтүүгө даяр. Ошол эле учурда Кыргызстандын тергөө органдарынан «Казахмыс», «Алтын Алмас» жана «Каражыра» компанияларынын тобуна расмий кайрылуулар түшкөн эмес", - деп билдирген "Казахмыс" компаниясынын басма сөз кызматы.

Ошондой эле компаниялар тобу Казакстандын мыйзамдарына ылайык иш алып барары жана кызматкерлерин мыйзам чегинде коргоо чараларын көрүүгө даяр экени белгиленген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: