super.kg logo

Бишкекте синтетикалык баңгизат сатууга шектелип Ысык-Атанын тургуну кармалды

 
Бишкектин аймагында синтетикалык баңгизат сатууга шектелип 24 жаштагы Ысык-Ата районунун тургуну кармалды. Маалыматты ИИМ билдирип, шектүүнүн жанынан 49 даана баңгизат табылганын айтты.
"Шектүү Биринчи май районунун аймагына синтетикалык баңгизаттарды таңгактоо жана көмүскө жерге катып сатууну көзөмөлдөп жүргөн. Башкача айтканда, "Райондун куратору" болгон. Ал күн сайын Бишкек шаарына келип, шаардын борборунда баңгизаттарды көмүскө жерге катып сатууну көзөмөлдөп турган", - деп жазылат маалыматта.
Шектүүнүн чөнтөгүндө 20дан ашык, ал эми автоунаасынан 29 даана даяр чапталган баңгизат табылган.
Химиялык экспертизага ылайык, алынган заттар альфа-ПВП психотроптук заты болуп саналат. Мындан тышкары Бишкектин четинде психотроптук заттар катылган дагы бир жер табылган. Ал жерден ар бири 1 грамм болгон 30 даана желим чапталмасы табылып, мефедрон психотроптук зат экендиги такталды. Алынган заттар 1000ден ашык бир жолку дозаны түзмөк.
ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы интернет-мессенджерлер жана социалдык тармактар аркылуу баңгизаттарын сатуу менен акча табкандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: