super.kg logo

Максатбек Сазыкулов үй камагына чыгарылды

 

Бишкек шаарынын экс-вице-мэри Максатбек Сазыкулов эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу борбордун Биринчи май райондук соту билдирди.

УКМКнын Бишкек шаары боюнча тергөөчүсүнүн Сазыкуловдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча берген өтүнүчү канааттандырылган. Ага ылайык, ал эч жакка чыкпоо тил каты менен үй камагына чыгарылды.

Эске салсак, УКМК кечээ, 5-июнда Максатбек Сазыкулов кармалганын билдирген. Ал мыйзамсыз баюу максатында аффилирленген жак менен жеке кызыкчылык үчүн тил табышып, ишкерлик субъектиге негизсиз жана мыйзамсыз преференцияларды берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы уюштурууга шектелүүдө.
Анын кармалышы боюнча калаа башчысы Айбек Жунушалиев комментарий берип, Сазыкулов аким болуп турган кезиндеги аракеттери боюнча шектелип жатканын билдирген.
Сазыкулов буга чейин мэрияда ар кандай кызматтарда иштеп келген. 2021-жылдан 2022-жылга чейин Бишкек мэринин экономикалык маселелер боюнча орун басары болгон. Андан кийин Биринчи май районунун акими болуп иштеген. 2023-жылы октябрь айында вице-мэр кызматына дайындалган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: