super.kg logo

Министр бөйрөк алмаштыруу операциясына кезекте турган жарандар боюнча айтты

 

Кыргызстанда бөйрөк алмаштыруу боюнча февраль айынан баштап акысыз операцияга 56 бейтап кирген. Бул туурасында саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев кечээ, 5-июнда брифинг учурунда маалымдады.

Анын айтымында, операцияга жумасына бир же эки бейтап кирип жатат.

“Пландын негизинде иштер жүрүүдө. Бөйрөгүн алмаштырыш керек болгон бейтаптар көп. Учурда 150гө жакын жаран кезекте турат, бирок аларга донор жок болууда. Ал эми 15 бейтаптын донору бар, тийиштүү анализдердин жыйынтыгы чыкса, операция башталат”, - деп билдирди Бейшеналиев.

Министр жүлүндү алмаштыруу боюнча өзүнчө бөлүм ачылып, медициналык жабдууларды алып келүү иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жүлүн алмаштыруу операциялары чет мамлекеттерде 160 миң доллардан жогору тургандыктан, биздин жарандар ал акчаны чогултканча убакыт өтүп, бейтаптар каза болуп калып жатат. Андыктан бул маселени чечүү президенттин жеке көзөмөлүндө турган, тез арада бүтүрүүчү тапшырмалардын бири. Биздин медициналык адистер Түркиядан, Орусиядан атайын окуудан өтүп келишти. Учурда бөлүм ачылып, оңдоп-түзөө иштери кызуу жүрүүдө. Мындан тышкары кымбат баалуу медициналык жабдыкка буйрутма берилген, анын келишин күтүп жатабыз”, - деп белгиледи министр.

Ошондой эле укпаган балдардын угуусун калыбына келтирүү боюнча адистер Түркия, Австрия мамлекеттеринде атайын окуудан өтүп жаткандыгын баса белгилеп, жакынкы айларда Кыргызстанда операция жүргүзүлө тургандыгын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: