super.kg logo

Мэрия: "Лев Толстой көчөсүндөгү тротуарга асфальт төшөлүп баштады"

 

Бишкек мэриясы борбордогу жолдордо жана тротуарларда капиталдык оңдоо иштери уланып жатканын кабарлады.

Алсак, Лев Толстой көчөсүнүн түндүк тарабынан Байтик баатыр көчөсүнөн Манас проспектисине чейин жана түштүк тарабынан Байтик баатыр көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин тротуарды капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Лев Толстой көчөсүнүн Логвиненко көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин түндүк тарабындагы тротуарга асфальт төшөө иштери башталды.

Логвиненко көчөсүнөн Манас проспектисине чейин арыктарды орнотуу жүргүзүлүүдө. Буга чейин Лев Толстой көчөсү менен Манас проспектисинин кесилишинде мыйзамсыз орнотулган гараждар болгон. Тротуарды курууда мыйзамсыз гараждар алынган.

Мындан тышкары Лев Толстой көчөсүн бойлой Байтик баатыр көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин түштүк тарабында жайгашкан имараттын кире бериш тобун демонтаждоо жана тротуардын негизин даярдоо иштери жүргүзүлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: