super.kg logo
  Саясат  

Депутат Таштанбеков вебкам-моделдерди көргөн аткаминерлерди кызматтан алуу керектигин айтты

 

Бүгүн, 6-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Акбөкөн Таштанбеков вебкам-моделдерин көргөн аткаминерлерди кызматтан алуу керектигин айтты.

Ал вебкам-студияда кызмат көрсөткөндөр үчүн жаза бар экенин эске салып, бирок аны көргөндөргө жаза колдонулбай жатканына кызыкты.

"Ошону көрүп жаткан эркектерге эмнеге жаза жок? Жок дегенде кызматтарынан албайлыбы. Колдонгон, кабинетте отуруп алып көргөндөрдү жумуштан алыш керек. Ошолорду соттошубуз керек. Анан барып эле кыздарды баса калган болбойт да. Аны ким көрүп жатат, чиновниктер кабинетте отуруп алып, буюртма кылып, акча төлөп жатат. Демек, каржылоо да, туурабы?" - деди ал.

Ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаев маалыматтар боюнча вебкам-студиялардын кызматын чет өлкөлүктөр колдонорун айтты.

Эл өкүлү "эгерде бир чиновник алардын мобилдик капчыгына акча салып койсо, ал каржылообу?" деп тактап сурады.

Ага Аширходжаев анда көргөндөр үчүн Кылмыш-жаза кодексине өзүнчө берене кошуш керектигин айтып жооп берди.

Таштанбеков вебкам-моделдерин көргөндөрдү жазаламайын мындай кызмат көрсөтүүлөр токтобой турганын белгиледи.






Жогорку Кеңеш 06.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: