Социалдык тармактарда экстремисттик материалдарды тараткан шектүү аныкталды
Өлкө аймагында тыюу салынган диний экстремисттик уюмдун материалдарын социалдык тармактарга таркатып келген шектүү аныкталды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, милиция тарабынан таркатылган материалдар чогултулуп, тийиштүү экспертиза дайындалган. Дайындалган экспертиза алынган материалдар "Өзбекстан Ислам Кыймылы" уюмуна таандык экендигин аныктаган.
"Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) негизинде кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары Баткен облусунун 33 жаштагы И.А. аттуу тургуну аныкталган. Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.