super.kg logo
  Саясат  

Өлкөдө канча диний уюм бар? Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жообу

 

Бүгүн, 6-июндагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Примов өлкөдө канча диний уюм каттоодон өткөнүнө кызыкты.

Юстиция министринин орун басары Бактияр Орозов 543 диний уюм каттоодо турганын айтты. Ошондой эле ал депутаттын "тизмеге мечиттер киреби?" деген суроосуна "жок" деп жооп берди.

Ал эми дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директорунун орун басары Канатбек Мидин уулу комиссиянын каттоосунда 4 216 диний уюм бар экенин, анын 3 500ү мечиттер экенин билдирди.

Примов андан парламентте каралып жаткан "Кээ бир коммерциялык эмес уюмдардын отчеттуулук маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынса диний уюмдар отчёт береби деп сурады.

Мидин уулу Юстиция министрлигинин каттоосунда тургандар гана отчёт берерин белгиледи.

Эл өкүлү аталган мыйзам кабыл алынган күндө деле диний уюмдар үчүн иштебейт деп кабатырланды.

Белгилей кетсек, мыйзам долбоору депутаттар тарабынан талкууга алынып колдоо тапкан жок.






Жогорку Кеңеш 06.06.24

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: