super.kg logo

"84 жарнама конструкциясы алынды". Бишкекте жарнамаларга карата текшерүү иштери уланууда

 

"Бишкекбашкыархитектура", "Тазалык" муниципалдык ишканаларынын жана Октябрь акимиатынын кызматкерлери менен биргеликте жарнама конструкцияларына рейд өткөрүштү. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, рейд Ахунбаев көчөсүндө Ч. Айтматов проспектисинен Байтик баатыр көчөсүнө чейин өткөрүлдү.

Ага ылайык, 84 жарнама конструкциясы, 4 терминал алынды. Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 107, 239, 179-беренелерине ылайык 9 протокол түзүлгөн.

Ошондой эле рейд учурунда Байтик баатыр көчөсүнүн кеңейишине жол бербеген объектилер текшерилди.

"Жарнама конструкцияларын алуу боюнча рейд жарнаманын тексттерин Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясынын талаптарына ылайык келтирүү, шаардын сырткы көрүнүшүн иретке келтирүү үчүн жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: