96 жаш курагында Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова дүйнө салды

Бүгүн, 23-декабрда 96 жаш курагында Социалисттик Эмгектин Баатыры Керимбүбү Шопокова дүйнө салды.
Ал 1917-жылы Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Сокулук айылында жарык дүйнөгө келген. Кыргыздар мурда өстүрүп көрбөгөн кант кызылчасын өстүрүп, 1941-жылы өзүнчө колхоздук бригада түзгөн.
Шопокова башкарган бригада кант кызылчасынан жыл сайын жогорку түшүм жыйнап турган. Кандуу согуштун каардуу жылдарында зор эмгек өтөгөн.
1946-жылы "Ленин" ордени, көп өтпөй "Эмгек Кызыл Туу" ордени менен сыйланган. 1957-жылы Хрущев Кремлде Социалисттик Эмгектин Баатырына "Алтын Жылдыз" медалын тапшырган. 1997-жылы 2-даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Белгилей кетсек, Шопокова Советтер Союзунун Баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун жубайы болгон. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:28
2025-07-04
10:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

