super.kg logo
  Саясат  

Аскат Алагөзов: "Байкалбаганы менен, башыбыздан тарыхый окуяларды өткөрүүдөбүз" 

 

"Учкун" басмаканасында паспорт, айдоочулук күбөлүк жана башка документтер басылып чыгууда. Бул тууралуу бүгүн, 6-июнда президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов Фейсбук социалдык баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, буга чейин инсандыкка тиешелүү жеке документтер ар кайсы мамлекетте басылып келген.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Биз жаңы Кыргызстанды куруу жолунда кетип баратабыз. Байкалбаганы менен, башыбыздан тарыхый окуяларды өткөрүүдөбүз.

Билесиздер, буга чейин жеке инсандыгыбызды тастыктай турган жарандык паспортубуз баштаган маанилүү документтердин баары чет өлкөлөрдөн, болгондо да, ар кайсы документ ар кайсы өлкөлөрдөн басылып чыгып келген эле. Бул мамлекетибизге каржылык жактан ири чыгымдарды эле алып келбестен, улуттук коопсуздук маселесине да шек туудуруп келген.

1-июндан тарта паспорт, ID-карт, туулгандыгы жөнүндө күбөлүк, айдоочулук күбөлүк, дегиле, өлкөбүздүн жарандарына бериле турган мамлекеттик маанидеги документтердин баары Президенттин иш башкармалыгына караштуу “Учкун” басмаканасынан басылып чыга баштады.

Бул да болсо сүйүнө турган жаңылык.

Эң башкысы эл-журтубузда ынтымак, биримдик, Ата Мекенибизде тынчтык болсун", - деп жазган ал өзүнүн Фейсбук баракчасына.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: