"Президент өзү күйөрмандык кылууда". Бишкекте Кыргызстан-Малайзия футбол беттеши башталды





Бүгүн, 6-июнда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан – Малайзия футбол беттеши башталды.
Оюнга президент Садыр Жапаров жана Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев күйөрмандык кылууда.
Ал эми Кыргыз футболчуларын 16 миңге жакын адам күйөрмандык кылууда.
Белгилей кетсек, аталган беттеш 2026-жылдагы Дүйнө чемпиондугуна жана 2027-жылы өтчү Азия кубогуна тандоо турниринин алкагында өтүп жатат.
Ал эми беттештин калыстар тобун иорданиялык Адхам Мухаммад Мухаммад Мустафа жана Ахмад Муанесс жетектеп жатат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.