Майлуу-Сууда нефть куюучу жайдан өрт чыкты




Бүгүн, 6-майда Майлуу-Суу шаарына караштуу Көк-Таш айыл аймагынын Катыраңкы тилкесинде "Кыргызнефтегаз" ААКнын нефть куюучу цистернасынан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалымдалгандай, өрттү өчүрүүгө Майлуу-Суу шаардык №83 ӨККБыдан 1 күжүрмөн эсеп, "Кыргызнефтегаз" ААКнан бир бөлүм, жалпы 2 бөлүм тартылып, саат 16:30 чамасында чектөөгө алынган тилсиз жоо саат 16:35те толугу менен өчүрүлгөн.
Ага ылайык, учурда өрттүн чыгуу себептери жана келтирилген материалдык чыгымдар такталууда.
Алдын ала маалыматтарга караганда жабыркагандар жок.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:12
2025-06-25

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.