super.kg logo

Британиянын визалык борборун Кыргызстанда ачуу сунушталды

 
Эмгек министрлиги Улуу Британиянын визалык борборун Кыргызстандын аймагында ачууну сунуштады. Бул тууралуу эмгек министри Гүлнара Баатырова менен Британиянын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда айтылды.
Баатырова министрликтин британ тарап менен ар кандай багыттар боюнча кызматташуусунун натыйжалуулугун белгиледи.
"Бүгүнкү күндө Кыргызстандан Улуу Британияга сезондук жумушчулардын квотасы 8 миң адамга жетти. Программанын катышуучулары чакан ишканаларды ачуу аркылуу тапкан каражатын өлкөбүздүн экономикасына ийгиликтүү инвестициялоодо. Ошол эле учурда кыргызстандыктар үчүн бүгүн 6 ай болгон виза коридорун кыскартса болмок. Ошондой эле Улуу Британиянын визалык борборун Кыргызстандын аймагында ачуу кызматташуунун натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт эле, анткени учурда Алматыда виза алуу кошумча 76 фунт стерлингди талап кылат", - деди Баатырова.
Мындан тышкары жумушчулардын ишке алуу тартибине, жогорку акы төлөнүүчү кызматтарга тартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууну, ишке орноштурууну жөнөкөйлөштүрүү маселелери көтөрүлдү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: